Баткенде ири инвестициялык долбоорлор ишке ашууда

Баткен/28.01.26
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Кытайдан келген инвесторлор менен жолугуп, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган ири долбоорлорду талкуулады. Чек ара маселелеринин чечилиши Баткендин инвестициялык климатын жакшыртты.
2025-жылы облуска тартылган чет өлкөлүк инвестициялар 63,1 млн АКШ долларын түзүп, анын 40 млн доллардан ашыгы тикелей инвестициялар болду. Жыл ичинде газоблок чыгаруучу ишкана жана көмүр кени ишке кирип, күн электр станцияларын куруу боюнча жүздөгөн миллион долларлык инвестициялык долбоорлорго макулдашуулар түзүлдү.
Ошондой эле Баткенде эл аралык кызматташтык кеңейип, туризмди өнүктүрүүгө да көңүл бурулууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *