Мамлекеттик автомектептерде окуунун баасы 19 миң сом деп бекитилди

Баткен/28.01.26
Мамлекеттик автомектептерде айдоочулукка окутуунун баасы 19 миң сомду түзөт. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, окуучулар практика маалында колдонулган күйүүчү май сыяктуу кошумча чыгымдарды өз эсебинен төлөшөт.
Жаңы тартип жеке автомектептердеги бааларга салыштырмалуу кыйла жеткиликтүү. Буга чейин жеке автомектептерде теориялык жана практикалык сабактардын жалпы баасы орто эсеп менен 35–36 миң сомго чейин жетчү.
Screenshot

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *