Бишкек – Раззаков аба каттамы: Эми билет баасы туруктуу — 4 800 сом

Баткен/28.01.26

Бишкек – Раззаков багыты боюнча авиакаттамдар мурдагыдай эле жумасына алты жолу аткарылат. Эми билеттин баасы бирдиктүү деңгээлде — 4 800 сом болуп белгиленди.

Буга чейин билет 3 600 сомдон 5 100 сомго чейин өзгөрүп турган.

Бирдиктүү тариф каттамдарды аймактын тургундары жана бизнеси үчүн алдын ала пландоого ыңгайлуу жана түшүнүктүү кылат. Билеттерди Asman Airlines колдонмосу аркылуу тез жана оңой сатып алууга болот — дароо ырастоо менен жана кошумча төлөмдөрсүз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *