ЧЕК АРАДАГЫ ЗЫМДЫ КЕСИП ӨТКӨН ЖАРАНДАР КАРМАЛДЫ

Баткен облусунда үч жаран Кыргыз–Тажик чек арасындагы металл тосмону кесип, 15 баш малды Тажикстанга мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган учурда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган жарандар чек арадагы зым тосмону бузуп өтүүгө аракет кылышкан. Учурда аларга карата тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, чек ара аркылуу контрабандалык жол менен мал өткөрүүгө тиешеси бар дагы 31 жаран аныкталып, аларга мыйзам бузбоо боюнча расмий эскертүү берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *