Баткен облусунда көмүр өндүрүү 1,4 млн тоннага жетти

Баткен/23.01.26
Облустук бийликтин маалыматына ылайык 2025-жылдын жыйынтыгы менен Баткен облусунда көмүр казуунун көлөмү 1 млн 401 миң тоннага жетти. Бул көрсөткүч облус аймагындагы кен иштетүү ишканаларынын туруктуу ишмердүүлүгүнүн натыйжасы болуп саналат.
Маалыматка ылайык, көмүрдүн негизги бөлүгү Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы 3 кенде карьер ыкмасы менен казылып, 960 миң тонна көмүр өндүрүлгөн. Бул жалпы көлөмдүн 68,5 пайызын түзөт.
Ошондой эле Сүлүктү шаарындагы 46 көмүр шахтасынан 430,8 миң тонна көмүр өндүрүлүп, бул көрсөткүч жалпы көлөмдүн 30,7 пайызына туура келет. Мындан сырткары, Баткен районунда 46,6 миң тонна, ал эми Лейлек районунда 3,2 миң тонна көмүр казылып алынган.
Белгилей кетсек, ички рынокто Сүлүктү көмүрүнө болгон суроо-талап жогору. Ал эми Кадамжай районундагы Бел-Алма көмүр кенинен өндүрүлгөн көмүр логистикалык шарттарга байланыштуу негизинен Ош жана Жалал-Абад облустарына жеткирилүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *