Баткен облусунун Жаңы-Жер айылындагы дыйкан быйыл кулпунай өстүрүүдөн чоң киреше тапты. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, ал 200 тоннадан ашык кулпунайды Россия жана Казакстан базарларына экспорттоо менен 34 млн сом киреше алган.

Белгилей кетсек, дыйкан мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага алып, кулпунай өстүрүп келет. Былтыр ал 100 тоннадан ашык кулпунай экспорттоп, 17 млн сом киреше тапкан.
Министрликтин маалыматына ылайык, бул жылы түшүмдүн көбөйүшүнө айыл чарба адистеринин жардамдары тийген. 3+2 программасынын алкагында адистер топурак анализин жүргүзүп, жер-жемишке кандай азыктар керек экенин дыйканга көрсөтүшкөн. Натыйжада, кулпунайдын түшүмү кыйла көбөйгөн.
