БАТКЕНДЕ КҮЗ-КЫШ МЕЗГИЛИНЕ ДАЯРДЫК ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

Баткен облусунда күз-кыш мезгилине даярдыкты талкуулоо боюнча кеңешме өттү. Жыйынды Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жетектеди.

Кеңешмеде калкты көмүр менен камсыз кылуу, көмүр базаларын ачуу жана бааны туруктуу кармоо, ошондой эле социалдык жана өндүрүштүк объектилерди жылуулук жана энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелери каралды.

«Кыргызкөмүр» ишканасы тарабынан 5–10-октябрь аралыгында облустун беш аймагына 185 тонна көмүр жеткирилип, элге сатыкка чыгарылды.

Учурда саламаттык сактоо мекемелерине керектелүүчү көмүрдүн 93,6%, ал эми билим берүү тармагына керектелүүчү көлөмдүн 55%ы камсыздалды.

Облустун жалпы керектөөсү 120–130 миң тоннаны түзөт, анын ичинен 100 миң тоннасы калкка багытталган. Азыркы күндө эл өз алдынча 27,5 миң тонна көмүр даярдап койгон.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *