БАТКЕНДЕ ЭКСТРЕМИЗМДИН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

Баткен облусунда экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана диний сабаттуулукту жогорулатуу максатында жыйын өткөрүлдү.

Иш-чарага облус жетекчилиги, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү, укук коргоо органдары, дин кызматкерлери жана жарандык коом өкүлдөрү катышты.

Жыйында мамлекеттик идеологияны бекемдөө, жарандардын диний жана укуктук аң-сезимин жогорулатуу, толеранттуулукту жайылтуу маселелери талкууланды.

КР Президентинин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев коомчулуктун, мамлекеттик органдардын жана дин кызматкерлеринин кызматташуусу экстремизм менен күрөшүүдө негизги фактор экенин белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана профилактикалык иш-чараларды улантуу боюнча тапшырмалар берилди. Мындай иш-чаралар облустун бардык аймактарында өткөрүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *