«ӨТКӨН ЖЫЛ БАТКЕН ОБЛУСУ ҮЧҮН ӨНҮГҮҮ МЕНЕН ӨСҮҮЛӨР КОШТОГОН ТАРЫХЫЙ ЖЫЛ БОЛДУ»

АЙБЕК ШАМЕНОВ, КРНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БАТКЕН ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮ:

«ӨТКӨН ЖЫЛ БАТКЕН ОБЛУСУ ҮЧҮН ӨНҮГҮҮ МЕНЕН ӨСҮҮЛӨР КОШТОГОН ТАРЫХЫЙ ЖЫЛ БОЛДУ»

Өтүп бараткан жылдагы олуттуу окуяларга саресеп салсак, чынында эле 2025 — жыл Баткен облусу үчүн өнүгүүлөр, өсүүлөр менен коштолгон тарыхый жыл болду. Эки өлкөнүн башчылары, Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон эки өлкөнүн чек араларын тактоо жөнүндөгү келишимге кол коюшту. Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек аралары расмий ачылды. Ошого удаа эле, 31-мартта, Худжанд шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдердин үч тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгы менен, үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана Түбөлүк достук жөнүндө «Худжанд декларациясына» кол коюлду. Ошентип, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо иштери аяктап, 2025-жылдын 29-апрелинде чек арага зым тартуу иштери башталган. Бүгүнкү күндө, Лейлек жана Баткен райондорунун аймагында инженердик жабдуу жумуштары дээрлик, 160 чакырым аралыкта аткарылды. Тынчтык болгон жерде өнүгүү башталат эмеспи, 2025 — жыл Баткен облусу үчүн өнүгүүгө карай өрүш алган жыл болуп калды. Бул багытта, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун “Жаңы Баткен” шаарын куруу демилгеси Президент Садыр Жапаров тарабынан колдоо тапты. Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылында 760 гектар аянт трансформацияланды. 100 миң адамга ылайыкташкан экологиялык жашыл шаардын долбоорлоо иштери жүрүүдө. Жаңы айылдар түптөлдү. Баткен шаарында 10 000 адамга ылайыкташкан футболдук стадион жана “Менин үйүм 2021 – 2026” турак жай программасынын алкагында, 12 кабаттуу 4227 батирлүү үйлөр курулууда. Ушул жана башка суроолор менен жыл соңунда КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов менен баарлаштык.

— Айбек Асанович, өтүп бараткан жылдагы окуяларга көз чаптырсак, чынында эле Баткен облусунда курулуштар, ири долбоорлор ишке ашты. Буга өзүбүз да күбө болдук. Алардын арасында кылымдап чечилбей келген чек ара маселеси да бар. Келиңиз анда ушулар жөнүндө кененирээк баарлашалы.

— Өтүп бараткан жылдын тарыхта калган окуясы деп мен ушул чек ара маселесинин чечилишин айтаар элем. Анткени, буга чейин канча ирет чек араны чечебиз, сүйлөшүп жатабыз, мына чечилет деген менен тескерисинче, конфликттер күчөп турган. Ошого карабастан, Президент Садыр Жапаровдун жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин эрктүүлүгү менен эки өлкө менен болгон чек ара маселелери чечилди. Бул чындыгында, өтө чоң тарыхый окуя эле болбостон, бүтүндөй Фергана өрөөнүнүн өнүгүүсүнө жана тынчтыктын, тилектештиктин орношуна өбөлгө болду. Азыр биз кыска аралыкта кыргыз — тажик чек арасы такталгандан кийин 150 чакырымга жакын аралыкка чек ара зымдары тартылды. Ошол эле учурда, эки тараптуу кыргыз тажик чек аралары ачылып, эки элдин достугу да бекемделди. Карым — катнаш, экономикалык — маданий байланыштар күч алды.

— Бул чынында эле тарыхта калган чоң окуя болду. Чек аранын чечилиши менен Баткен өрөөнүнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабы башталды деп айтсак болобу?

— Туура, көп жылдар бою чек ара чечилбей, тынчтык орнобой, Баткен өрөөнүнүн калкын миграциялык агымга кириптер кылып келген болсо, эми, чек ара чечилип, Баткен өрөөнүнүн өнүгүүсүнө шарт түзүлдү.

Бул багытта, 2025-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №538 Токтому чыгып, анда, Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында жайгашкан 760,26 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкелерин калктуу конуштарды куруу категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча токтому чыкты. Буюрса, Баткен облусунун, анын ичинде «Жаңы Баткен» шаарын курууну өнүктүрүүнүн жаңы этабы башталды десек болот. Башкысы жаңы шаарды куруу демилгеси Президент Садыр Жапаров тарабынан колдоо тапты. Айгүл Тоо аймагына жакын жайгашкан аймакка 100 000 адамга ылайыкташкан экологиялык жашыл шаарды долбоорлоо иштери жүрүүдө. Мындан тышкары “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында, Баткен шаарында 12 кабаттуу «Асман резиденс №1» турак жай комплексинде ипотекалык үйлөрдүн курулушу жүрүүдө. Жалпы саны 4272 жаранга ылайыкташтырылган бул үйлөр келээрки жылдан баштап пайдаланууга берилээрин, ушундай эле заманбап үйлөр облустун башка район шаарларында курулаарын эске алсак, чын эле өрөөн өнүгүүнүн жаңы этабына кирди. Буга кошумча, Баткен шаарында 10 000 адамга ылайыкталган стадиондун курулушу да кызуу жүрүүдө.

— Чек араларды тактоо иштери албетте, жеңил болгон жок. Ал арада бир катар айылдар да алмашылды. Алмашылган айылдын тургундарын жаңы конуштарга жайгаштыруу, үй куруп берүү иштери жөнүндө да токтоло кетсеңиз?

— Албетте, айтканга оңой болгону менен, алмашылган айылдардын тургундарын кыска аралыкта көчүрүп чыгуу да жеңил болгон жок. Эң оболу, мен облустун жетекчиси катары, бизди түшүнгөн, өлкөнүн тынчтыгы үчүн туура чечим кабыл алышкан, Баткен районунун Достук, Дөбө, Көк — Терек, Тескей, Таш — Тумшук, Мазеиттин жери, Дахма, Лейлек районунан Максат, Сада айылдарынын тургундарына терең ыраазычылык билдирет элем. Жалпысынан 257 жаңы турак жайлар курулуп, алардын 181и Баткен районунун Бужум айылына жакын жайгашкан, Жаңы Достук айылына көчүрүлсө, Лейлек районунун Тажикстанга алмашкан Сада, Максат айылынын тургундары Кулунду айыл аймагынын Раззаков айылына көчүрүлдү. Белгилей кетчү жагдай, Президентибиздин жеке көзөмөлү менен жаңы конуштарга көчүрүлгөн жарандарыбызга кыска аралыкта заманбап, бардык шарттары бар үйлөрдү куруп бердик. Алардын кыштан кыйналбай чыгып кетүүсү үчүн көмүр отундарын, электр жарыгын, айтор турмуш тиричиликке керектүү бардык шарттарды түзүп бердик. Буюрса эми, алар үчүн балдар бакчаларын, спорт аянттарын, ФАП жана башка тейлөө пункттарын толуктап беребиз.

— Өтүп бараткан жылда канча жаңы курулуштар пайдаланууга берилди?

— 2022 — 2024 — жылдары облус аймагында республикалык бюджеттин эсебинен 149 объектиде курулуш, оңдоп түзөө иштери жүрдү. Ал үчүн 2 млрд. 444 млн. сом каржыланды.

Быйыл болсо, 66 социалдык объект пландалып, 17 объект пайдаланууга тапшырылды. Бул курулуштар үчүн бюджеттен 241 513,9 миң сом каралган.

Ал эми, 2023 — жылдын январь айынан 2025 — жылдын июнь айына чейинки мезгил аралыгында, облуска жалпы, 199 964,8 миң АКШ доллары көлөмүндө чет өлкөлүк инвестициялар тартылып, өндүрүш ишканалары, чакан заводдор, кайра иштетүүчү ишканалар ишке берилди.

Ал арада 2022 — 2024 — жылдары бардыгы болуп, 171 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 180 чакырым шагыл жол курулду. Ал үчүн, 2 млрд. 286 млн. 700 миң сом бөлүнгөн. Ал эми, 2025 — жылга 118 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган болсо, 11 ай аралыгында 83,3 чакырым жол асфальтталды. Башкача айтканда, 666млн. 400 миң сомдук жумуш аткарылды. Дагы бир жаңылык, Президенттин тапшырмасы менен Зардалыга жол салынып бүттү. Электр энергиясы, байланыш түйүндөрү менен камсыз болду.

— Айыл чарба ирригация тармагында эмне жумуштар аткарылды?

— Баткен облусун аралап өткөн 6 дарыя болгон менен, али өздөштүрүлө элек дың жерлер өтө көп. Быйыл биздин облуста ар кандай ыкма менен жалпы жаңы 1370 га жаңы жер өздөштүрүлдү. Бул багытта, Кадамжай районунда “Алгакадам” ири долбоору ишке ашууда. Буюрса, ири ирригациялык бул курулушубуз пайдаланууга берилсе, 4200 гектар жер өздөштүрүлөт. Алардын 25,0 гектарына өнөр жай зонасы ачылат. Бул үчүн Республикалык бюджеттен 1млрд. сом бөлүнүп берилип, иш кызуу жүрүүдө.

Ушундай эле жумуштар Баткен районундагы Кара-Кол каналында да уланууда. Мындан тышкары, Лейлек районунун Арка өрөөнүнө өз нугу менен суу чыгарылат. Ал үчүн, Максат айылына дюкер курууга жалпы сметалык баасы- 1900,0 млн.сом бөлүндү. Жалпы узундугу 41,8 чакырымды түзгөн канал бүткөрүлсө, бул аймакта да 1800 га жер өздөштүрүлөт.

Кадамжайда Нургазиев каналын реконструкциялоо иштери башталды. Жалпы узундугу 35 чакырым болгон каналдын курулушу Бүткүл Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланып жатат. Долбоордун суммасы 425 млн. 569 миң сом.

Ошондой эле, узундугу 31 чакырым болгон Кожо-Кайыр каналы да Азия Өнүктүрүү Банкынын каржылоосу менен жалпы 275 млн. сомго реабилитациялоо жумуштары жүргүзүлдү. Кадамжай районунда “Жетиген”БСРи бүтүп жатат. Лейлек районунда “Маргун”жана “Баул” БСРлери курулууда.

— Социалдык контракт, жакырчылыкты жоюу багытындагы жасалган иштер туурасында да айтсаңыз?

— Баткен облусунун аймагында 3 жыл ичинде жалпысынан 4 186 “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул алган үй-бүлөлөр 100 миң сомдон социалдык жардамга ээ болушту. Алардын ичинен, 84 үй-бүлөгө 200 000 сомго чейин пайызсыз кредит берилген. Алар тигүүчүлүк, өндүрүш, мал чарбачылык, кызмат көрсөтүүлөр, соода сатык жана башка тармактар боюнча ишмердүүлүк жүргүзүүдө. 2025 — жылга карата, Баткен облусуна 2054 үй-бүлөгө квота берилип, бүгүнкү күндө, 1255 үй — бүлөгө келишим түзүлдү. Ошондой эле, КРнын Министрлер Кабинетинин Токтомунун негизинде, 100 миң сомдук социалдык жардам, 150 000 сомго жогорулатылды. Натыйжада аймакта жакырчылыктын кыскарышына өбөлгө болду.

— Айбек Асанович, аймактын көйгөйлөрү жөнүндө да ачык сүйлөшсөк.

— Албетте, бизди тынчсыздандырган маселелер да жок эмес. Алардын бири, облустагы дарыгерлердин, мугалимдердин жетишсиздигине канчалык аракеттер көрүлгөнү менен жергиликтүү кадрлар болбосо кыйын экен. Баткен шаарына заманбап медакадемиянын филиалын да ачтык. Мыкты дарыгерлер борбордон келип, иштеп жатышат. Бул да болсо, муктаждыкты женилдетти деген ойдобуз. Мугалимдер жөнүндө айтсам, адис (дасыккан) мугалимдердин жетишсиздигинен билим берүүнүн сапатын көтөрүү кыйын болууда. Президентибиз элдик курултайда билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысын 100 пайыз көтөрүү боюнча айтып өттү. Эми маяна жогоруласа, билим сапаты жана элди медициналык тейлөө да жакшырат деп ишенебиз.

Адылбек Акматов, “Баткен таңы”

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *