Баткен, 28-окт. — kabarlar.com/.
Кыргызстанда 4-ноябрда аба ырайы кескин өзгөрүп, айрым аймактарда жаан-чачын болуп, түндүк облустарда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 3-ноябрда (дүйшөмбү күнү) түндүк аймактарда абанын температурасы +19° чейин, түштүктө +21° чейин көтөрүлөт.
Бирок 4-ноябрда (шейшемби күнү) температура кескин төмөндөп, түндүктө +9°, түштүктө +15° дан жогору болбойт.
Түштүк өрөөндөрүндө жаан жаап, түндүк аймактарда карга айланышы күтүлүүдө.
Бишкекте шейшембиде абанын температурасы +6…+8° чегинде болуп, күндүз жааган жамгыр акырындап карга айланат.
Синоптиктер калкты аба ырайындагы өзгөрүүгө даяр болууга жана жылуу кийинип жүрүүгө чакырышат.
