Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү жүрүшү мүмкүн экенин эскертти. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2025-жылдын 17-декабрынан 19-декабрына чейин бир катар жолдордо, анын ичинде Бишкек-Ош жолунда кар көчкүсү жүрүп, жолдор тоң жана болушу мүмкүн.

Кар көчкү жана унаа кыймылынын кыйындашы мүмкүн болгон жерлер Бишкек–Ош: 121–138 км (Төө-Ашуу ашуусу), 198–255 км (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) Ала-Бука – Каныш-Кыя: 68–74 км, 86–101 км (Чапчыма ашуусу) Красная Горка – Ак-Таш: 0–3 км Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу: 65–110 км Каракол – Эңилчек: 45–90 км (Чоң-Ашуу ашуусу) Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад: 326–349 км (Көк-Арт ашуусу)