Баткен/27.11.25
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 27-ноябрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында күн ачык болот.
Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +13… +18, Талас облусунда +12… +17, Баткен, Ош, Жалал-Аабд облустарында +15… +20, Ысык-Көлдө +6… +11, Нарында +4… +9 градус болот.
Бишкек шаарында абанын табы +16… +18 градусту түзөт.
