Баткен/25.11.25
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Нургазиев каналы реконструкцияланат. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, жергиликтүү жетекчилер жана айыл тургундары катышты.
Канал Исхак Полотхан жана Молдо Нияз айыл аймактарын аралап өтүп, узундугу 35 км, көлөмү 10 кубка кеңейтилет. Долбоор Бүткүл Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланып, суммасы 425,569 млн сомду түзөт.
Реконструкциядан кийин канал 5 миң гектар жерди суугарып, 500 гектар жаңы жер иштетилет. Курулуш 2029-жылы бүткөрүлүп, ишти кытай жана жергиликтүү компаниялар аткарат.
Канал 1978-жылы пайдаланууга берилген, учурда эскилиги жетип, суу жоготуу көйгөйү жаралган.

