Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери улуттук университеттин мугалимин документ жасалмалоого шектүү катары кармашты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү мурда Евразия университетинин ректору болуп иштеген. Ал аталган окуу жайда документтерди бурмалоо фактысына байланыштуу иликтенүүдө.
Буга чейин атайын кызмат ошол эле университеттин үч окутуучусун кармаган. Алар сабактарга жана экзамендерге катышпаган студенттерге баа коюп, тиешелүү документтерди жасалмалаганы аныкталган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө жалпы 19 окутуучу мыйзам бузууга аралашканы аныкталды. Учурда иликтөө иштери уланууда.
