СПОРТ — БИРИМДИКТИН БАШАТЫ!

Сүлүктү шаарында грек-рим күрөшү боюнча Баткен облусунун ачык биринчилиги жогорку деңгээлде өтүп, спорт сүйүүчүлөрдү кубандырды!
🏆 Мелдешке облустун бардык аймактарынан келген 336 жаш балбан катышып, күч, эрк жана чеберчилик сынашты.
Иш-чаранын ачылышына Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров жана Кызыл-Кыя шаарынын мэри Алтынбек Бектуров катышып, жаш спортчуларды куттуктап, спорттун тарбиялык маанисин баса белгилешти.
🤼 Балбандар таймашты жогорку дух менен өткөрүп, көрүүчүлөргө унутулгус маанай тартуулашты!
Жыйынтык боюнча:
🥇 1-орун — Сүлүктү шаары
🥈 2-орун — Кызыл-Кыя шаары
🥉 3-орун — Баткен шаары
Жеңүүчүлөргө кубок, медаль жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Бул мелдеш — намыс, эрдик жана биримдиктин чыныгы символу!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *