Эттин баасы жыл аягына чейин мамлекеттин көзөмөлүндө болот

Баткен/11.11.25

Кыргызстанда эттин баасын мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, чечим этке болгон баанын негизсиз жогорулашына жол бербөө, спекулятивдик аракеттерди чектөө жана эт базарын турукташтыруу максатында кабыл алынды. Ошондой эле бул чара калк үчүн социалдык мааниси жогору болгон азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган.

— Мындай чара ички рыноктун туруктуулугун сактоого жана баалардын туруксуздугу уланып жаткан шартта жарандардын кызыкчылыктарын коргоого жардам берет, — деп белгилейт министрлик.

Эске салсак, эттин баасын мамлекеттик жөнгө салуу 2024-жылы да колдонулуп келген. Жаңы токтомдун негизинде бул механизм дагы бир жылга узартылып, эт базарындагы абалды көзөмөлдөө иштери улантылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *