Баткен облусунда электр тармагын санариптештирүү жана энергетикалык реформаларды ишке ашыруу багытында ири иштер жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин реформаларын ишке ашыруу жана электр энергиясын жеткирүү системасын автоматташтыруу алкагында, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Баткен электр тармактар ишканасы 2025-жылдын башынан бери чоң көлөмдөгү иштерди жүргүзүп келет. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыл башынан тарта облус боюнча 43 685 даана АСКУЭ акылдуу эсептегичтер орнотулган. Райондор боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүчө:
Баткен райондук электр тармактары – 13 248 даана
Кадамжай райондук электр тармактары – 13 056 даана
Кызыл-Кыя райондук электр тармактары – 17 381 даана
Учурда Баткен электр тармактар ишканасында 128 600 абонент катталган. Анын ичинен 119 300ү — калк абоненттери, ал эми 9 500ү — калк эмес абоненттерди түзөт.
2025-жылга карата облус боюнча жалпы 43 685 даана акылдуу эсептегич орнотуу пландалган болсо, бул план толугу менен аткарылды. Натыйжада Баткен району, Баткен шаары жана Кызыл-Кыя шаары акылдуу эсептегичтер менен толук камсыз болду.
Бул ири масштабдуу долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда. Анын негизги максаты — өлкөнүн энергетикалык тармагын модернизациялоо, санариптик башкаруу системасын өркүндөтүү жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүү болуп саналат.
Баткен электр тармактар ишканасынын билдирүүсүндө белгиленгендей, акылдуу эсептегичтерди орнотуу аркылуу:
электр энергиясын эсепке алуунун ачыктыгы жана тактыгы жогорулайт;
техникалык жана коммерциялык жоготуулар азаят;
керектөөчүлөр туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздалат;
энергетикалык инфраструктура санариптик деңгээлге көтөрүлөт.
Мындан тышкары, акылдуу эсептегичтер керектөөчүлөргө электр энергиясын өз убагында көзөмөлдөөгө, төлөмдөрдү онлайн жүргүзүүгө жана сарптоону оптималдаштырууга да мүмкүндүк берет.





