Баткен, 30.10.25. /Баткен таңы/Республика боюнча мал-жандыктарды күзгү эмдөө жана профилактикалык иш-чаралар ийгиликтүү жүргүзүлүп, 2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен план 102 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда ветеринардык кызматтар жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында эпизоотияга каршы иштерди улантууда.
Министрликтин маалыматы боюнча, 2025-жылдын январь–сентябрь айларында жалпы 17 млн 986,6 миң баш малга ветеринардык-санитардык жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн. Анын ичинде:
930,6 миң баш малга диагностикалык изилдөөлөр жасалды;
16,5 млн баш мал алдын ала эмдөөдөн өткөрүлдү;
552,4 миң баш мал дегельминтизациядан (паразиттерге каршы дарылоо) өткөрүлдү.
Ведомствонун маалымдашынча, күзгү эмдөө иштери жогорку деңгээлде жүрүп, эпизоотиялык абал республика боюнча туруктуу бойдон калууда


