КИНОРЕЖИССЁР НИКИТА МИХАЛКОВ “ДОСТУК” ОРДЕНИ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

Россиялык көрүнүктүү кинорежиссер, СССР эл артисти Никита Михалков Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгы — «Достук» ордени менен сыйланды.

Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тапшырды. Ал Михалковду 80 жылдык мааракеси менен куттуктап, анын дүйнөлүк жана орус кинематографиясын өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи.

Никита Михалков Кыргызстанга Россиянын Маданият күндөрүнүн алкагында келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *