Кыргыз-тажик чек арасынын 116 чакырымына зым тартылды

Баткен/ 12-ноябрь/
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Лейлек районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана тосмолорду орнотуу иштеринин жүрүшүн жеринде барып көрдү.Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, учурда чек араны тосуу иштери Лейлек районунун Максат айылынын аймагында жүрүүдө. 2025-жылдын 12-ноябрына карата Баткен облусу боюнча жалпы 115 чакырым 958 метр аралыкка зым тосмо тартылды. Анын ичинен:
Баткен районунда – 84 чакырым 806 метр,
Лейлек районунда – 31 чакырым 152,5 метр.
Мындан тышкары чек ара сызыгынын боюнда 176 чакырым жол салуу иштери жүргүзүлдү.
Чек араны демаркациялоо жана тосмолорду орнотуу иштерин тездетүү максатында жергиликтүү бийлик органдары чек ара тилкесиндеги аймактарды турак үйлөрдөн, короо-жайлардан жана бак дарактардан тазалоо иштерин улантууда.
Лейлек району боюнча жалпы 108 объект — анын ичинде турак үйлөр, мал сарайлар, ашканалар, мончолор жана коммерциялык имараттар бузулуп алынган. Бул объекттер боюнча көз карандысыз эксперттер тарабынан баалоо жүргүзүлүп, жарандар бул иштерге түшүнүү менен мамиле кылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *