Бүүрайма Худайбердиева, Маданияттын мыкты кызматкери, журналист:
“Калемим менен тагдырлаш болуп келем…”

Журналистика – бул жөнөкөй кесип эмес. Анын түйшүгүн көтөрүп, суугуна тоңгон адам гана бул кесипти аркалай алат. Ушул ыйык кесипке өмүрүн арнаган инсан – Лейлек райондук “Ата Журт-Лейлек” коомдук маалыматтык гезитинин тажрыйбалуу журналисти Худайбердиева Бүүрайма Абдилаатовнаны 7-ноябрь Басма сөз күнү менен куттуктайбыз. Кесиптешибиздин журналисттик жолу, тагдыры жана чыгармачылык дүйнөсү тууралуу баарлаштык.
— Бүүрайма эже, журналистикага кызыгуу качан башталды эле?
— Чынын айтсам, журналист болуу кыялым мектеп кезимден эле башталган. Мугалимдер дубал гезит чыгарышканда мен дайыма жаңылыктарды жазып, окуучулар тууралуу материал даярдачумун. Ошондо эле сөздүн күчүнө суктанып, “ушул кесип менен элге кызмат кылсам” деген тилек жан дүйнөмө орноп калган.
Кийин КМУнун журналистика факультетине сырттан тапшыргам. Бирок турмуш шартка байланыштуу үчүнчү курстун ортосунда окуумду токтотууга туура келген. Ал учурда үй-бүлөлүк жоопкерчилик биринчи орунда турду. Бирок журналистикага болгон сүйүү эч качан өчкөн жок.
— Демек, кесипке кайра кайтуу оңой болбосо керек?
— Чынында оңой болгон жок. Көп жыл үй-бүлө турмуш деген түйшүк менен жашап калдым. Бирок, ички дүйнөмдө калемдин жалыны тынбай жанчу. 23 жылдан кийин жолдошум дүйнөдөн кайткандан кийин, балдар чоңоюп, кайрадан өзүмө убакыт бөлө баштадым. Ошондо райондук гезитке аймактык кабарчы болуп иштей баштадым.
Алгачкы жылы элге жаккан материалдарды жазып, коомдук иштерге активдүү аралашып жүрдүм. Бир жылдан кийин районубузда жаңыдан түптөлгөн “Сулей Инфо” коомдук эркин гезитине өз кабарчы болуп жумушка орноштум. Ал гезитте иштеп, такшалып, тажрыйба арттырып алганымдан соң, райондук редакция мени өз кабарчы катары кабыл алды. Ошондон тартып, “Ата Журт” менин экинчи үйүмө айланды десем болот.

— Дипломсуз журналист болуп иштөө кыйынчылык жараткан жокпу?
— Кээде “окууң жок экен” деген сөздөр да угулган учурлар болду. Бирок менин жан дүйнөм журналист эле. Кесипти сүйүү, элдин көйгөйүн сезүү, чындыкты айтууга аракет кылуу – бул окуу менен эле берилчү нерсе эмес. Мени алдыга сүрөгөн – талант менен жоопкерчилик сезими болду. Убакыттын өтүшү менен эмгегим бааланып, кесиптештеримдин ишеничине ээ болдум.
— Эмгек жолуңузда кандай жетишкендиктерди өзгөчө баалайсыз?
— Мен үчүн эң чоң сыйлык – окурмандын ыраазычылыгы. Бирок, ошол эле учурда, мамлекеттик деңгээлде да бааланып келдим. КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары, райондук жана облустук администрациялардын сыйлыктары – бул баары эмгектин үзүрү.
Жети жыл ичинде “Маданияттын мыкты кызматкери”, “Баткен таңы” гезитинин 25 жылдык юбилейлик төш белгилерине татыктуу болдум, андан тышкары, Журналисттер жана Жазуучулар союздарынын мүчөсү болуп кабыл алындым. Акыркы жетишкендигим, Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата, аймактын ар тараптуу өнүгүүсүн, массалык-маалымат каражаттарында чагылдыруу боюнча журналисттер арасында өткөрүлгөн “Алтын калем” сынагынын “Мезгилдүү басылма” номинациясы боюнча жеңүүчүсү болдум. Бул мага чоң ишеним, ошол эле учурда жоопкерчилик да.
— Азыркы маалымат доорунда, социалдык тармактар күч алып турган учурда, гезиттин орду кандай деп ойлойсуз?
— Гезит – бул терең ойдун, так маалыматтын орду. Интернет тез, бирок кээде үстүртөн. Ал эми гезитте ар бир сап өлчөнөт, текшерилет, жоопкерчилик менен жарыяланат. Ошондуктан, гезит эч качан өз маанисин жоготпойт. Айрыкча аймактык гезиттер элге жакын, анткени биз алардын жашоосун, кубанычын, түйшүгүн күн сайын көрүп турабыз.
— Кесиптештерге жана жаш журналисттерге каалоо-тилегиңиз?
— Эң оболу сабыр жана чыдамкайлык каалайм. Журналист болуу оңой эмес, бирок, бул кесип сыймыктуу. Жазган ар бир сабың элге дем, ишеним, үмүт берсин. Жаштар калемдин күчүн, сөздүн ыйыктыгын баалашсын деп каалайм. Журналист болом деген адамдын жүрөгүндө адамга болгон мээрим, элге болгон жоопкерчилик болушу керек. Калемдин кудурети – элдин ишеничинде.
Редакциядан: Райондогу ар бир иш-чара, коомдук жаңылык, эмгек адамдарынын ийгилиги Бүүрайма эженин көз карашы аркылуу чагылдырылып келет. Анын калеми менен чыккан макалаларда чындык, чынчылдык жана элге болгон сүйүү ар дайым байкалат. Эже өзүнүн токтоо мүнөзү, кесипке берилгендиги жана чындык үчүн күрөшкөн духу менен райондук журналистиканын жүзү болуп калды десек аша чаппайбыз. Басма сөз күнү сыяктуу маанилүү күнү анын эмгеги жалпы калемдештер үчүн үлгү.
“БТ” пресс