Ошто өспүрүм айдоочу кайнене-келинди жана наристени коюп кетти

Баткен/28.11.25
ЭКИ АДАМ КАЗА БОЛДУ
Ош шаарында 16 жаштагы өспүрүмдүн катышуусунда оор жол кырсыгы катталды. Милициянын маалыматына караганда, ал байкесине таандык BMW унаасын уруксатсыз айдап чыгып, башкарууну жоготуп каршы тилкеге чыккан.
Унаа жолдо бараткан үч жөө жүргүнчүнү — 48 жаштагы аялды, анын бир жаштагы небересин жана 20 жаштагы келинин — сүзгөн. Натыйжада аял окуя болгон жерде каза болуп, наристе ооруканада жан берген. Келин менен камаздын айдоочусу ооруканага жеткирилген.
Өспүрүмдүн айдоочулук күбөлүгү жок экени такталып, ал 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кырсыктын себептери боюнча тергөө жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *