БШК мыйзам бузган талапкерлерге чара көрөрүн эскертти

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтык Шайназаров шайлоо өнөктүгүн жүргүзүп жаткан талапкерлерге жана алардын тарапташтарына кайрылды.
Анын айтымында, айрым талапкерлер тарабынан мыйзам бузуу фактылары аныкталып, БШК тиешелүү чараларды көрө баштаган. Эгер мыйзам бузуулар далилденсе, талапкерлердин каттоосу жокко чыгарылышы мүмкүн.
Шайлоочулардын добушун сатып алуу, мыйзамсыз үгүт жүргүзүү жана башка талапкерлердин кадыр-баркына шек келтирген аракеттерге жол берилбейт.
Ал бардык талапкерлерди үгүт иштерин мыйзамдын алкагында, шайлоочуларга жана атаандаштарына урмат-сый менен жүргүзүүгө чакырды. Ошондой эле мыйзам бузгандарга катуу чаралар көрүлөрүн кошумчалады.
📅 Парламенттик шайлоо 30-ноябрда өтөт, үгүт өнөктүгү 10-ноябрда башталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *