Мыйзамга ылайык, 29-ноябрда саат 08:00дө парламенттик шайлоого байланышкан үгүт иштери расмий түрдө аяктады.
30-ноябрда өтө турган шайлоодо 4 294 243 жаран добуш берүүгө укуктуу. Алардын ичинен 2,2 миллиону аялдар болуп саналат.
Шайлоочулардын негизги бөлүгүн 19–35 жаштагы жаштар түзөт. Бул курактагы добуш берүүчүлөрдүн саны 1,7 миллион деп көрсөтүлөт.
