Баткен/25.12.25
Бүгүнкү күндө Баткен облусунда 100 дарыгер жетишпейт. Бул көйгөй өзгөчө кыш мезгилинде алыскы айылдардагы калктын саламаттыгына кам көрүүдө терс таасирин тийгизүүдө. Ооруп калгандар дарыгерлердин жоктугунан сасык тумоого каршы ийне сайдырууга уруксат алуу үчүн алыс жол басууга аргасыз болушууда.
Жаш болсо да Лейлектеги Кулунду жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору Мустафа Исмаилов бул көйгөйдү оң жагына чечип жатат. Буга чейин аталган ооруканага ал жагы Россияда иштеп жүргөн жергиликтүү жаш дарыгерлерди сүйлөшүү жолу менен алып келген. Алардын жалпы саны 15 тен ашык. Хирургдар, гинеколог, терапевт, көз дарыгерлерин айылга кайтып келүүсү менен Лейлек районунун Кулунду жана Арка өрөөнүндө көйгөйлөр чечилип, борбордон 60 — 70 чакырым алыстыктагы чек арадагы калк жыргап эле калышты. Буга чейин дарыгер жок деп райондун борборуна каражат коротуп каттап жүргөн эл жаш жетекчинин жигердүү ишине ыраазы болушууда.
Кечээ эле дагы бир ушундай жагымдуу жаңылык жараткан дарыгердин демилгеси менен Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылына, жаш адис Гапырова Жылдызай Жакыповнага кызматтык үй катары колдонууга берилди.
Жергиликтүү бийлик, тагыраагы Жаңы — Жер айыл өкмөтүнүн эмгек жамааты 1 186 000 сомдук каражат менен айыл башчысынын кеңсесин ремонттон өткөрүп, жаш дарыгер үчүн жагымдуу кызматтык үй катары колдонууга өткөрүп берди. Белгилей кетчү нерсе, Жылдызай Гапырова 1989 — жылы Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүндө төрөлгөн. Кесиби боюнча терапевт, 4 баланын энеси. Өз ишин так алып барган жаш адис эми Тажикстан менен чектешкен Жаңы — Жер айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылынын калкын тейлей баштайт. Айылдын башкы дарыгери, кесиби боюнча терапевт болсо дагы УЗИ аппаратында иштөөнү дагы өздөштүргөн.
Шарттын жогунан кетем деп чечимге келген жаш дарыгер Жылдызай Гапырова менен ийри отуруп, түз кеңешкен Мустафа Исмаилов жаш дарыгерлердин депозитине кошуп, мындан тышкары жергиликтүү бийлик менен тил табышып, бардык керектүү шарттарды түзүп бериши албетте, биринчи кезекте элдин саламаттыгы үчүн анан жаш дарыгер үчүн дагы чоң стимул болду.
Алыскы Кулунду жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору Мустафа Исмаиловдун мындай тажрыйбасы албетте башкаларга дагы үлгү болушу керек.






