Бүгүн саат 8:00дө Баткен облусундагы бардык 220 шайлоо участкасы ачылып, Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурдагы шайлоосу башталды.Облус башчысы Айбек Шаменов Баткен шаарындагы №8177 шайлоо участкасында шайлоо өнөктүгүн расмий ачып, шайлоочуларды жарандык милдетин так аткарууга чакырды жана биринчи болуп добуш берди.
Баткен облусу шайлоону өткөрүүгө толук даяр: шайлоо участкалары материалдык-техникалык жактан камсыздалган, электр энергиясы жана интернет байланышы туташ, коомдук тартип тартип сакчыларынын көзөмөлүндө. Аралыктан добуш берүү үчүн атайын жайлар да уюштурулду.
Баткен облусунда жалпы 355 192 шайлоочу катталган.