Бүгүн Фергана облусунан 17 журналист Баткен шаарына келишти. Делегацияны Фергана облустук журналисттер союзунун төрагасы Мухамеджан Обидов жетектеп келди. Аларды Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов кабыл алды.
Журналисттер «Баткен таңы» гезити жана «Баткен ТВ» телеканалынын ишмердүүлүгү менен таанышып, андан соң Баткен облусунун кооз жаратылыш аймактарынын бири болгон Мадыген геопаркын кыдырышат. Бул иш сапар эки тараптуу маалымат алмашууну арттырып, журналисттер аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган.
