Бүгүн, 23-октябрда Ферганадан келген журналисттер «Баткен таңы» гезитинин ишмердүүлүгү менен таанышышты. Алар редакциянын күнүмдүк иштери, материал даярдоо жана окурмандар менен байланыш жолдору тууралуу маалымат алышты.
Башкы редактор Адылбек Акматов конокторго гезиттин максаттары жана келечектеги пландары тууралуу айтып берди. Ошондой эле журналисттер тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланышты.
