Баткен/27.11.25
Баткен облусунда диний китеп саткан дүкөндөргө көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу Муфтияттын Баткендеги Өкүлчүлүгү билдирди. Маалым болгондой текшерүү Муфтияттын аймактык өкүлчүлүгүнүн жана Президентке караштуу дин иштери боюнча улуттук агенттиктин облустук өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Комиссияны КМДБнын Баткен облусундагы өкүлү Нуридин ажы Мамасабиров жана агенттиктин өкүлү Чагылган Юсупов баштап, райондордун баш имам-хатибдери менен бирге дүкөндөрдү кыдырып чыгышты.
Иш-чаранын негизги максаты — туура эмес диний агымдардын жайылышына жол бербөө жана мыйзам менен тыюу салынган адабияттарды аныктоо болуп саналат.
