КЫРГЫЗСТАНДА ЖАҢЫ ҮЛГҮДӨГҮ ПАСПОРТТОР БЕРИЛЕ БАШТАДЫ

Баткен/ 03.11.25/ Баткен таңы
2025-жылдын 3-ноябрынан тартып Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттор бериле баштады. Бул тууралуу «Кызмат» мамлекеттик ишканасы маалымдады.
Маалыматка ылайык, жаңы паспорттор Эл аралык аба уюмунун (ICAO) стандарттарына толук шайкеш келет. Алар 30дан ашык заманбап коргоо элементтери менен жабдылган. Документке электрондук чип, лазердик технологиялар жана биометрикалык маалыматтар киргизилген.
Паспорт 34 барактан турат жана ар бир барагында өлкөнүн облустарынын кооз көрүнүштөрү менен коопсуздук белгилери чагылдырылган.
Мындан тышкары, жаңы ID-карталарда жарыктын түрүнө жараша түсүн өзгөрткөн атайын коргоо бөлүгү бар — кадимки жарыкта көгүш, ультрафиолетте кызыл түскө айланат. Бул жасалмалоого каршы кошумча коопсуздук чарасы болуп саналат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *