Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 4–5-ноябрда Мисир Араб Республикасына расмий сапар менен барат. Бул – эки тараптуу мамилелер тарыхында кыргыз президентинин Мисирге жасаган алгачкы расмий сапары болуп саналат.

Президенттик аппараттын маалыматына караганда, сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров менен Мисир президентинин ортосунда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана актуалдуу маселелер боюнча сүйлөшүүлөр өткөрүлөт. Ошондой эле тараптар эл аралык жана аймактык кырдаал боюнча пикир алмашмакчы.