Чүйдө 63 жаштагы киши аялын атып өлтүрүүгө шектелүүдө

Чүй облусунда 63 жаштагы тургун аялын атып өлтүргөндүгү боюнча шектелүүдө. Окуя 1-ноябрда москва районунун Бала-Айылчы айылында катталган.

Милициянын маалыматына караганда, эркек киши мас абалда болуп, жубайы менен чырдашып, ал курал менен 49 жаштагы аялын атып жиберген. Натыйжада аял ок жараатынан каза болгон.

Факты боюнча москва райондук ички иштер бөлүмү «киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кабарланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *