Айдаркенде СИП кабелдер тартылды

Баткен/23.01.26
КР Энергетика министрлигинин электр тармагын жаңылоо жана модернизациялоо боюнча иш-пландарынын алкагында Кадамжай районунун Айдаркен шаарында электр тармактарын жаңылоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасы билдирди.
Маалым болгондой “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан жалпы 17 км аба чубалгылары СИП кабелдерге алмаштырылып, 155 даана темир-бетон мамы орнотулду. Ошондой эле 1 даана 630 кВА жана 2 даана 400 кВА кубаттуулуктагы жаңы трансформаторлор, 4 800 даана акылдуу эсептегичтер орнотулду.
Аталган иштердин натыйжасында Айдаркен шаарында электр энергиясын берүү туруктуу болуп, авариялык өчүрүүлөрдүн саны азайды. Абоненттер сапаттуу жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздалууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *