22.01.26/Баткен
Билим сапатын кантип көтөрсөк болот?
Лайли Юсупова, Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектептин мугалими, Евразия педагогикалык кеңешинин насаатчысы,
«МУГАЛИМ ДА АДАМ, МУГАЛИМ ДА ЧАРЧАЙТ, МУГАЛИМ ДА КАТА КЕТИРЕТ»…

Акыркы жылдары Баткен облусунда билим берүү системасынын сапаты мурдагы жылдарга салыштырмалуу төмөндөп кеткендиги байкалууда. Бул тууралуу адистер да, ата-энелер да, ал тургай мугалимдердин өздөрү да айтып келишет. Бирок маселе көтөрүлгөнү менен, аны терең талкуулап, билим берүү тармагында эмгектенген тажрыйбалуу мугалимдер жана жетекчилер тарабынан кырдаалды жеңилдетүү үчүн чечкиндүү кадамдар жасала элек. Бул көрүнүштү жеке адамдардын же мугалимдердин алсыздыгы катары кароо — жаңылыштык. Бул — жалпы коомдун көйгөйү.
Биз жалпы билим берүү тармагын сындап гана коюудан алыс болушубуз керек. Анткени облусубузда, Кыргызстанда, керек болсо Евразия мейкиндигинде өзүнүн мыкты тажрыйбасы, новатордук көз карашы жана ишинин натыйжалары менен таанылган мугалимдерибиз бар. Алардын бири — Орусияны да таң калтырган мугалим Юсупова Лайли Ахматовна. Учурда «Евразия педагогикалык кеңешинин насаатчысы» кызматын аркалап, келет. Бүгүн биз “Билим сапатын кантип көтөрсөк болот?” деген олуттуу суроолор менен новатор мугалим Лайли Ахматовна менен маектештик.
Юсупова Лайли Ахматовна Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепте 20 жылдан бери орус тилинен сабак берет.
— Лайли Ахматовна, Баткен облусунда билим сапатынын төмөндөп жатышынын алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?
— Билим берүүгө комплекстүү мамиле жасоо зарыл. Тилекке каршы, азыр бизде мындай ыкма жетишсиз. Мисалы, окуучуга мугалим 45 мүнөт өз предмети боюнча сабак өтүшү эле жетиштүү эмес. Мындай шартта бала бат чарчап, кызыгуусун жоготот. Ошондуктан, окуучунун ички дүйнөсүнө, көз карашына, баалуулуктарына өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Салттуу сабактардан бала бат тажайт. Ошондуктан, окуу материалын турмуш менен айкалыштырып берүү абдан маанилүү. Ал тургай күнүмдүк окуган сабакты баланын жөндөмүнө, келечектеги максатына байланыштыруу зарыл.
Бала мектепке жөн гана келип-кетпестен, “Мен ким болгум келет? Эмне максат менен окуп жатам? Бул билим мага эмне берет?” деген суроолорго жооп издеп окушу керек. Эгер окуучу мындай максат койбосо, анын келечеги бүдөмүк болуп калат.

— Сиз комплекстүү билим берүү жөнүндө айтып өттүңүз…
— Ооба. Комплекстүү билим берүү — бул жөн гана билим берүү эмес. Бул — илим, ой жүгүртүү, инсанды калыптандыруу, алган теориялык билимди турмушта колдоно билүү, өз алдынча ойлонуу жана жыйынтык чыгара алуу. Мындай чоң жоопкерчиликти окуучуга үйрөтүү мугалим үчүн оңой эмес. Ошондуктан, бул маселеге мугалимден мурда ата-эне олуттуу көңүл бурушу керек.
Ата-эне баласы эмне үчүн мектепке барып жатканын, эмнени окуп жатканын, келечекте ким болгусу келээрин билип, кызыгышы зарыл. Эң аз дегенде ата-эне күнүнө баласы менен эки саат маектешип, анын ойлоруна, көз карашына, алган бааларына, мектептеги жүрүм-турумуна, досторуна көңүл буруусу керек. Ушундай мамиле аркылуу баланын критикалык ой жүгүртүүсү, өз алдынчалуулугу, чыгармачылык жөндөмү жана дүйнөгө болгон көз карашы оң нукка өзгөрөт.
— Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн ким көбүрөөк жоопкерчилик алышы керек?
— Көпчүлүк учурда “жоопкерчилик мугалимдеби же ата-энедеби?” деген суроо жаралат. Чындыгында, жоопкерчиликтин негизги бөлүгү ата-энеде. Анткени, “Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың” — деген сөз бекеринен айтылган эмес. Бала мектепке келгенге чейин үйдөн кандай тарбия алса, ошол калыптанат. Бала бакчадан кийин мектепке келгенде тарбиялоого мугалим кошулат.
Мугалим эч качан баланын жаман болушун каалабайт. Ал окутат, тарбиялайт, баланын сезимин өзгөртөт. Демек, ата-эне менен мугалим биргеликте жоопкерчилик алганда гана билим сапатын көтөрүүгө болот. Тилекке каршы, Баткен облусунда билим сапатынын төмөн болушунун негизги себептеринин бири да ушул.
Мындан тышкары, мугалим 45 мүнөт жан үрөп сабак өтүп, баланы жакшы адам кылууга аракет кылып жатканда, ата-энелер, коомчулук жана жергиликтүү жетекчилер мугалимди колдоого тийиш. Өкүнүчтүүсү, айрым ата-энелер балдарынын билими менен тарбиясына кайдыгер мамиле кылышат. Мугалим менен ата-эне тыгыз иш алып барганда гана баланын тарбиясы жана билими ойдогудай болот. Билим берүүдө мугалим менен ата-эненин тилектештиги өтө маанилүү.
— Бул ойлорду ишке ашыруу үчүн кандай усулдук ыкмаларды колдонсо болот?
— Баткен облусунда билим берүүнүн сапатын көтөрүү үчүн ар бирибиз өз алдынча сүйлөй бербей, биргеликте иш алып барышыбыз керек. Бул максатта облустагы тажрыйбалуу, новатор мугалимдерди, ата-энелерди жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн бириктирген чоң форум өткөрүү зарыл. Форумда бардык район, шаарлардан келген мугалимдер учурдун көйгөйлөрүн талкуулап, сунуштарын айтышы керек.
Андан кийин ар бир район, шаарда билим берүүнү өнүктүрүү, ата-эне менен мектептин кызматташуусун күчөтүү, зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында атайын топ түзүлсө жакшы жыйынтык берет. Бул топко новатор мугалимдер, активдүү ата-энелер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдары кириши керек.

— Мугалимдин статусу тууралуу да көп айтылып келет…
— Албетте, мугалимди колдоо зарыл. Өлкөнүн келечегин тарбиялаган педагогдор кандай тарбия берсе, мамлекеттин келечеги да ошондой болот. Билимдүү жаштар көп болсо, мамлекет өнүгөт. Ошондуктан, ар бир мугалим өз үстүнөн тынымсыз иштеши керек. Ошол эле учурда коомчулук мугалимди колдоп, анын эмгегин адилет баалап, татыктуу маяна менен камсыздоого тийиш.
Мугалим да адам, мугалим да чарчайт, мугалим да ката кетирет. Бирок, коомчулук ката кетирген мугалимди дароо айыптабашы керек.
Президент апрель айынан баштап мугалимдердин маянасы 100 пайызга көтөрүлөрүн билдирди. Бул чечим билим берүү сапатын жакшыртууга чоң өбөлгө болот деп ишенем. Мугалим — коомдун жүрөгү. Устаттын сөзү — акылдын булагы. Ошол булакты ар дайым таза сактап, ага кам көрүү — ар бирибиздин милдетибиз.
Адылбек Акматов, «Баткен таңы»