“Балдардын коопсуздугу үй-бүлөдөн башталат”

Бул ирет биз Кадамжай РИИБдин Үч-Коргон милициясынын айылдык бөлүмчөсүнүн жашы жете электердин иши боюнча улук аймактык тескөөчүсү милициянын майору Акимов Камилжан Абдилазисович менен маектештик.
– Саламатсызбы, Камилжан Абдилазисович. ИИОнун катарына качан кабыл алындыңыз? Кайсы кызматтарда иштедиңиз? Өзүңүз тууралуу кыскача айтып өтсөңүз.
– Саламатсызбы. Мен 1981-жылы Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын Беш-Бурхан айылында төрөлгөм. Үй-бүлөлүүмүн, беш баланын атасымын. ИИОнун катарына 2008-жылы кабыл алынып, алгач Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүндө милициянын кайгуул күзөт кызматынын милиционери болуп эмгек жолумду баштагам. Андан кийин Кадамжай РИИБдин Үч-Коргон милициясынын айылдык бөлүмчөсүндө аймактык ыйгарымдуу өкүл болуп иштедим. Азыркы учурда жашы жете электердин иши боюнча улук аймактык тескөөчү болуп кызмат өтөп келем.
– Милиция кызматкери болуп күнү-түн коомдук тартипти сактап иштөө оор эмеспи?
– Жок, биз бул кызматты Мекенге кызмат кылуу деп кабыл алганбыз. Ошондуктан ишибизге жан-дилибиз менен берилүү биздин милдет. Мамлекет ишенип берген кызматка жоопкерчилик менен мамиле кылуу ар бир милиция кызматкеринин парзы. Милиция элдин күзгүсү болушу керек. Эгер ишиңди абийир менен аткарсаң, элдин ишенимине ээ болосуң.
– Канча калкты тейлейсиз? Эл арасында кандай көйгөйлөр кездешет?
– Азыркы учурда мен Майдан жана Үч-Коргон айыл аймактарын тейлейм. Бул аймакта 21 орто мектеп, 1 көмөкчү мектеп, 1 техникалык лицей жана 13 балдар бакчасы бар. Жалпы өспүрүмдөрдүн саны – 22 256, анын ичинен 12 448и окуучу. Ар бир мектепте мен үчүн атайын иш бөлмө уюштурулган. Түзүлгөн графикке ылайык, жумушумду күн сайын мектептен баштайм. Окуучулар менен сүйлөшүп, алардын ички дүйнөсүн түшүнүүгө аракет кылам.
Байма-бай ата-энелер жыйындарын өткөрүп, балдардын коопсуздугу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Себеби баланын коопсуздугу эң биринчи үй-бүлөдөн башталат. Бала үйдөн кандай маанай менен чыкса, ошол маанай мектептеги күнүнө да таасир этет.
Азыр бизге заман талабына ылайык боди-камералар жана планшеттер берилген. Бул ишти ыкчам жана ачык жүргүзүүгө жардам берет. Илгери ар кандай документтерди чоң папкага салып жүрсөк, азыр бардык маалымат планшеттерде сакталат. Үймө-үй кыдырып, үй-бүлөлүк зомбулук, кибер кылмыштуулук жана башка актуалдуу маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз.
– Өспүрүмдөр тарабынан 9 ай ичинде кандай кылмыштар катталды?
– 2025-жылдын башынан бери мен тейлеген аймакта өспүрүмдөргө карата же өспүрүмдөр катышкан кылмыш фактылары катталган жок. Бул биздин ата-энелер жана мугалимдер менен биргеликте тынымсыз түшүндүрүү иштерибиздин, ошондой эле алдын алуу чараларынын жыйынтыгы деп ойлойм.
Жалпы билим берүү мектептеринде 76 жолу лекция, 22 жолу тегерек стол жана конференциялар өткөрүлдү. Өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында 75 сунуш кат берилди. Ошондой эле ата-энелер менен 19 жолу жолугушуу жана жыйындар уюштурулду. Алдыда дагы бул багыттагы иштерди үзгүлтүксүз улантабыз.
– Маегиңиз үчүн чоң рахмат. Элибизге тынчтык, үй-бүлөңүзгө бакубат жашоо каалайбыз!
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *