Данир Иманалиев, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими:
“ДОСТУК АЙЫЛЫНЫН ТУРГУНДАРЫ НОЯБРГА ЧЕЙИН ЖАҢЫ ҮЙЛӨРГӨ КӨЧҮРҮЛӨТ”

Коомчулукка көп эле көрүнө бербеген, бирок эл үчүн тынымсыз эмгектенип жаткан Данир Белековичти “кур чечпей иштеген жетекчи” деп айтсак болот. Эки өлкөнүн беш-алты району менен чектешкен аймактын сансыз көйгөйлөрүн чечип, районду өнүктүрүү жолуна салган акимдин иш күнү он саатка чейин уланып, ишемби күндөрү да кызмат ордунда экенине күбө болдук. Ошого карабастан, ал бизге убакыт бөлүп, чек ара, өндүрүш, айыл чарбасы жана башка маселелер боюнча суроолорубузга жооп берди.
Чынында эле, Баткен району үчүн быйылкы жыл өзгөчө тарыхый окуяларга бай болду. Чек ара маселеси чечилгенден кийин, Тажикстандан өткөн айылдарды, социалдык объекттерди жана электр линияларын инвентаризациялоо, өткөрүп алуу иштери айрымдар ойлогондой жеңил эмес экендиги аким менен болгон маекте айкын болду.
– Баткен районундагы чек аралаш айылдарда чек арага зым тартуу иштери аяктап калды көрүнөт?
– Ооба, бүгүнкү күндө чек арага жакын “Чоң-Кара”, “Кара-Бак”, “Достук”, “Миң-Булак”, “Көк-Таш” жана “Капчыгай” чек ара заставаларынын аймактарында инженердик иштер жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 70 000 метр аралыкка инженердик тосмолор орнотулуп, 23 158 даана темир түркүк коюлду. 67 996 метрге жол салынып, 56 016 метр аралыкка “Егоза” зымдары, 12 834 метр аралыкка тикенектүү зымдар, ал эми 500 метр аралыкка “3D тосмо” тартылды. Учурда Баткен районунун Орто-Боз айылында зым тосмолорун орнотуу иштери уланууда. Эң башкысы, элибиздин маанайы жакшы. Коңшулар дагы түшүнүү менен мамиле кылышууда. Азыр Тажикстандын Исфара районундагы кесиптештерибиз менен дипломатиялык нукта инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүп жатат.

– Айтканга оңой болгону менен чек арага жакын айылдарды алмашуу процесстери жеңил болбосо керек. Ал эми Достук айылы жаңы конушка көчүрүлдү. Ушул тууралуу кененирээк айтып берсеңиз. Канча айыл алмашылды?
– Бул маселени калкыбыз туура кабыл алды. Эки өлкөнүн делимитация жана демаркация боюнча Өкмөттөр аралык комиссияларынын чечимдерине ылайык, чек ара тилкелерин тактоо иштери аяктап, анын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук жана Дөбө айылдары, айрым объекттер, Самаркандек айыл өкмөтүнүн Тескей жерлиги, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Таш-Тумшук айылы жана Мазеиттин-Жери, Көк-Терек жерликтери алмашуу боюнча макулдашылды.
Азыр аталган аймактардын тургундарын кышка чейин жаңы шаарчага көчүрүү милдети турат. Баткен шаарынын өйдө жагындагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Бужум айылынын Чет-Булак жерлигинде заманбап шарттагы турак үйлөр курулууда. “Жаңы Достук айылы” деп аталган бул шаарчага 181 турак үй курулуп, 95 пайызга жакын иштери аяктады. Буйруса, 1-ноябрга чейин Тажикстанга алмашылган айылдардын тургундарын көчүрүп бүтүрөбүз.
– Тажикстандан бизге канча айыл жана канча турак үйлөр өттү?
– Бүгүнкү күндө инвентаризациялоонун жыйынтыгында Тажик Республикасынын Согди облусунун Исфара районундагы Чорку жамаатына караштуу Саманен айылынын ылдыйкы жана жогорку бөлүгү, Кожо-Ало айылы, Орто-Боз участкасы жана Лаккан жамаатына караштуу Коргончо, Лаккан айылдарынан жалпы 194 турак үй, 84 бош участок, 12 социалдык объект, 160 КТП, 128 таяныч жана 5 460 метр электр чубалгысы Кыргыз Республикасынын аймагына өткөрүлүп алынды.
Исфара районунун Чорку жамаатына караштуу Сурх жерлигинде жалпы 49 гектар жер аянты Кыргыз тарапка өтүп, анын ичинен 7,92 гектары “калктуу конуш жерлери” категориясына кирди. Ошондой эле Лаккан, Коргончо, Бостон, Чилгази, Сурх, Орто-Боз, Тескей жерликтеринде, ошондой эле Кыргызстандын Кара-Бак, Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айыл өкмөттөрүнө караштуу аймактарда айыл чарба жерлерин алмашуу иштери да жүрүүдө.
– Чынында эле, Баткен району үчүн быйылкы жыл тарыхый окуяларга бай болду көрүнөт. Мындан сырткары, бир катар өндүрүш ишканалары да ачылган экен. Алдыда дагы кандай пландарыңыз бар?
– Баткен районунда 3 ири ишкана ишке кирди. Самаркандек айылындагы мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү цех (10 жумушчу орун), Ак-Татыр айылындагы пластиктерди кайра иштетүүчү кичи завод жана Жаңы-Жер айылындагы мөмө-жемиштерди сактоочу ишканалар продукция чыгара баштады.
Ошондой эле Бужум айылында курулуп жаткан социалдык комплекс менен бирге Ак-Татырдагы жалпы суммасы 22 млн сомдук мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү цех жыл аягына чейин пайдаланууга берилет. Натыйжада, Баткен районунда өндүрүш тармагында 5 ишкана ишке кирип, жүзгө чукул жаңы жумуш орундарын түзүү пландалууда.
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында күн нурунан электр энергиясын өндүрүүчү ири станция куруу долбоору ишке ашууда. Бул долбоор үчүн 500 млн АКШ доллар көлөмүндөгү инвестиция тартылып, 1 232,7 гектар жер “айыл чарба багытындагы” категориядан “өнөр жай жана байланыш” категориясына өткөрүлдү. “Ак-Татыр Энержи” ЖЧКсы тарабынан курулуш иштери башталуу алдында турат. Бул станция ишке кирсе, Баткен районунун эле эмес, өлкөнүн энергетикалык туруктуулугуна чоң салым кошот.
Ошого удаа, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында өнөр жай жана кызмат көрсөтүү тармактарын өнүктүрүү боюнча иштер жүрүүдө. Кытай Эл Республикасынан келген инвесторлор Көк-Дөбө жерлигинде кирпич заводу курууну пландап жатышат. Аталган долбоорго 10 млн АКШ долларлык инвестиция тартылат.

Ал эми Чет-Булак жерлигиндеги 57 гектар жер “айыл чарба жерлеринен” “калктуу конуш жерлерине” өткөрүлүп, “Жаңы Достук айылынын” турак үйлөрү заманбап технологиялар менен курулууда. Бул шаарчада саркынды сууларды тазалоо системасы да каралган.
“Жаңы Баткен” шаарын куруу үчүн тандалып алынган 760,26 гектар жер “айыл чарба жеринен” “калктуу конуш жерине” өткөрүлүүдө. Долбоордун алкагында административдик имараттар, жаштар аянтчалары, сейил бактар, спорт комплекстер, маданий жана социалдык объекттер, көп кабаттуу үйлөр, жол, суу, электр энергиясы, интернет жана канализация сыяктуу инфратүзүмдөр курулат. Бул иштер Баткен облусун өнүктүрүү боюнча “Жол картасынын” негизинде республикалык бюджеттен каржыланат. Учурда жердин генералдык планы даярдалып, курулуш үчүн “мезгил кутучасын” салууга даярдык көрүлүүдө.
– Кышка карата даярдык өз нугундабы?
– Райондо кышка даярдык жакшы жүрүүдө. Билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият тармактарына көмүр жеткирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Калк үчүн арзан көмүр сатуу базалары уюштурулган.
Былтыр 101 билим берүү мекемесин күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү алып чыгуу үчүн 2 462,58 тонна көмүр керектелсе, быйыл 2 486,13 тонна керектелери аныкталып, учурда 74,97 пайызы аткарылды. Алдыда дагы убактыбыз бар экенин эске алганда, даярдык деңгээли канааттандырарлык.
Жыйынтыктап айтканда, Баткен району бүгүн чек ара маселесин чечип, өнөр жай жана инфраструктура тармагында ири кадамдарга барууда. Ал эми жаңы конуштардын курулушу жана энергетикалык долбоорлор — бул аймактын келечектеги туруктуу өнүгүүсүнө негиз болоору шексиз.