Баткен/24.12.25

Баткен районунда “ Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” аталышындагы улуттук кол өнөрчүлүктүн, чеберчиликтин, зергерчиликтин көргөзмөсү болуп өттү. Тажик Республикасынын коңшулаш Исфара району менен биргеликте өткөрүлгөн бул фестивалдын алкагында ата бабалардын баскан жолу менен эки элдин түбөлүк достугу дагы даңазаланды.
Тажик делегациясын тосуп алган Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Жумагүл Сатыбалдиева эки элдин достугу, биримдиги, ынтымагы жөнүндө сөз сүйлөдү.
Баскан жолу, ичкен суусу бир кыргыз — тажик элдеринин базары дагы бир. Улуу Жибек Жолунда кылымдап, биримдиги, достугу бекемделген. Эки эл жөнүндө айтылуу Манас эпосунда дагы кеңири баяндалган. Кол өнөрчүлүктүн көргөзмөлөрү менен таанышуудан кийин атайын даярдалган концерттик программага кезек берилди.
Улуттук баалуулуктарыбыздын алкагында өткөн бул жолку иш чара фольклордук жанрдагы чыгармалар менен коштолуп, нарктуу каада салттар дагы даңазаланды. Эзелтен эле кыргыз эли меймандос. Конок келгенде кой союп, баш тартып, куйрук боор менен сыйлаган. Бул жолу дагы улуттун уңгусу болгон каада салт менен келген конокторго сый урмат көрсөтүлдү.





