Баткен/05.12.25
Битлис калаасы Түркиянын Чыгыш Анадолу аймагында жайгашкан шаар. Чыгыш менен Батышты байланыштырган аталган шаар Ван көлүнө жакын тоолуу аймакта жайгашкан. Шаар аркылуу соодагерлер байма – бай каттап турушкан.
Түрк тилдүү 4 өлкө – Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжандан барган журналисттерге Битлис калаасынын тарыхы жөнүндө жеткиликтүү айтып берген Түрк өлкөсүнүн туризм министринин өкүлдөрү калаанын архитектурасы, тарыхый өзгөчөлүктөрү, Битлис сепили боюнча да кеңири маалыматтарга токтолду. Биздин заманга чейин 4 кылымда Александр Македонскийдин аскер башчыларынын бири Битлис шаарын коргоо үчүн курган сепили чынында эле тарыхый эстелик деп айтсак болот. Таштан салынган медреселер, мечиттер, көпүрөлөр, күмбөздөр өткөн кылымдардын азыркыга окшобогон архитектурасын көрсөтүп турат.
Булардын баары Чыгыш Анадолунун берметтери. Өзгөчө Селжук – Осмон архитектурасы жакшы сакталыптыр. Аба ырайы, тоолору, табияты Ван көлүн жээктеп баратканда, кудум эле Кыргызстанга окшошуп кетет. Айтмакчы, Ван көлүнүн аймагында Енисей жана Теңир — Тоодон барган кыргыздар да жашашат.



