Баткен/04.11.25
Чыгыш Анадолу — табият менен тарых айкалышкан керемет аймак. Түркия мамлекетинин өзгөчө кооз жана көгүлтүр көлдөрү кылым карыткан эстеликтери менен туристтерди таң калтырган Чыгыш Анадолунун даамдуу тоо азыктарына бай ашканасы да өзүнчө кеп кылууга арзыйт. Биз Кыргызстандан, Өзбекстандан, Азербайжандан жана Казакстандан барган журналисттердин тобун алып жүрүп, Чыгыш Анадолунун табигый өзгөчөлүктөрү, тарыхый жайлары менен тааныштыргандардын айтымында — бул аймак кышында чана тебүүгө, жайында болсо бийик тоолорунда сейилдөөгө, фото саякат жасоого да идеалдүү.
Анан дагы бир өзгөчөлүгү — тарыхтын жандуу музейлери өткөн кылымдардагы не деген сестүү окуяларды айгинелейт. Мындан тышкары Карстагы таш сепилдер менен Анинин урандылары — ар бири туристтерди өзүнө тарткан керемет дүйнө.
Анадолунун бермети болгон Ван көлүн жээктеп жүрүп, көлдүн сырдуу жана өзгөчө кооздугуна ынандык. Түркиядагы бул “Эң чоң көл” — деп табылган Вандын бийиктиги деңиз деңгээлинен болжол менен 1640 м жогору деп айтышты. Көл туздуу болгондуктан инжү кефали балыгын эске албаганда башка балыктар жашай албайт.






