Баткен/29.11.25
Лейлек районунун чек ара аймактарынан Раззаков жана Максат айылдарына көчүп келген 76 кожолукка акысыз көмүр таратылды. Бул колдоо облус башчысы Айбек Шаменовдун демилгеси жана «Кыргыз көмүр» ишканасынын жардамы менен ишке ашты. Жалпы 30 тоннадан ашуун көмүр жеткирилип, ар бир кожолукка 10 каптан берилди.


