Баткен/ 12-ноябрь
Баткен шаарынын окуучулары үчүн «Мен жашаган аймактын экологиясы — көйгөйлөр жана чечүү жолдору» аттуу эссе жазуу сынагы өткөрүлдү. Сынак расмий ушул жылдын май айында башталып, бүгүн сыйлоо аземи болуп өттү. Жалпы 10 мектептен 151 эссе жазылып, 15 окуучуга баалуу белектер берилди. Сынактын максаты — жаш муундардын экологиялык аң-сезимин жогорулатуу, жаратылышты сүйүүгө жана коргоого үндөө, жергиликтүү экологиялык көйгөйлөрдү түшүнүп, алардын чечүү жолдорун издөөгө кызыктыруу.
Сыйлоо аземине Ош шаарындагы Орхус Борборунун директору Каныбек Исабаев, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгынын директору Азатбек Маматалиев, ошондой эле Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинен Санат Рыскулова катышты.
Иш чарада окуучулар Баткендеги экология көйгөйлөрү — суу, таштанды маселелери тууралуу көп жазышкан. Ошол эле учурда, бул маселелерди кантип чечсе болорун мисалдар менен келтиришкен. Адистер муну менен балдардын жашылдандырууга, тазалыкка жана билимге умтулган мыкты инсандар болооруна тилектештик билдиришти. Сынак калаадагы 6-11-класстын окуучуларынын арасында өткөрүлдү.





