«Шайлоону адилет өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн»

Алишер Колдошев, КРнын БШКнын Баткен облусундагы атайын өкүлү:

«Шайлоону адилет өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн»

30 – ноябрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт. Бул жолку шайлоого буга чейинки шайлоолорго караганда бир катар өзгөрүүлөр кирди. 30 округ түзүлүп, ар бир округдан 3 депутат шайланат. 3 депутаттын бирөөсү аялдардын квотасы катары каралган. Эгерде аял талапкерлер эркектерге караганда көбүрөөк добуш алса, эң көп добуш алган 2 аял шайланып, үчүнчүсү эң көп добуш алган эркек талапкер шайланат. Эске сала кетсек, бир добуш бир талапкерге гана берилет же баарына каршы болот. 

Белгилей кетсек, Баткен облусунун аймагында 3 шайлоо округу түзүлүп, 04 — ноябрга карата расмий түрдө №1 округдан 12 талапкер, №2 округдан 10 талапкер, №3 округдан 11 талапкер катталды. Бул маалыматтар өзгөрүшү мүмкүн. Анткени, талапкерлердин бардыгынын документтери толук текшерилип бүтө элек. Биз, бул багытта БШКнын Баткен облусундагы атайын өкүлү Алишер Колдошев менен баарлаштык. 

— Алишер мырза, мөөнөтүнөн мурда өтүлүүчү шайлоого карата даярдыктар жөнүндө айтсаңыз? Канча шайлоо участкалары түзүлдү?

— Баткен округу 2220 участкасы шайлоого карата толук даярдыктан өттү. Бүгүнкү күндө, облус боюнча 354717 шайлоочу такталып, ар бир шайлоо участкаларында тизмелер илинди. Шайлоочулардын тизмелери дагы бир ирэт такталып, акыркысы 25 — ноябрда шайлоо участкаларына илинет. Шайлоону кынтыксыз өткөрүү боюнча штабдар түзүлгөн. Белгилей кетүүчү жагдай, Баткен облусунун аймагы 3 округга бөлүнүп, бул жолку шайлоодо 9 мандатка ээ болот. 

— Айтсаңыз, бул жолку шайлоодо кандай өзгөчөлүктөр бар жана шайлоочу эмнелерди эске алышы керек?

— Ар бир шайлоочу 1 гана талапкерге добуш бере алат же баарына каршы болот. Мындан тышкары, Президенттин жарлыгы менен аралыктан добуш берүү ыкмасы киргизилди. Мында шайлоочу шайлоо округу кайсыл жерде болсо да өз округундагы тандаган талапкерди шайлоого мүмкүнчүлүк алат. Бирок, шайлоочу өзүнүн округундагы өзүнүн шайлоо участкасынан гана добуш бере алат. А, эгерде, округунан сыртта жүрсө каалаган бир шайлоо участкасынан добуш берсе болот. Ушул маселеге ар бир шайлоочу дыкат көңүл коюп, билип алганы жакшы. 

— Шайлоочу өзүнүн тизмеден кантип тактаса болот?

— Бул маселе боюнча tizme.gov.kg порталынан же 1255 кыска номерине чалып, тактап алса болот. Мындайча айтканда, шайлоочулардын шайлоого катышуусуна жана өз талапкерлерине добуш берүүсүнө абдан ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Мындай дегеним, бизден миграцияда жүргөн жарандарыбыз дагы бул шайлоого активдүү катыша алат. Азыркы учурда чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиз дагы шайлоонун бул жолку өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүп, активдүүлүгүн көрсөтүп жатышат. 

— Үгүт иштери жөнүндө да айта кетсеңиз?

— Талапкерлерди каттоо 10 — ноябрга чейин жүргүзүлөт. Бул күнү каттоо бүтөөрү менен 10 — ноябрдан баштап, 29 — ноябрь эрте мененки саат 8:00гө чейин үгүт иштери жүргүзүлөт. Талапкерлердин атаандашын каралабоо, ошол эле мезгилде, өздөрүнүн программаларын жалпы элге ММКлар, көрнөк жарнактар, өздөрүнүн ишенимдүү адамдары аркылуу жеткирүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Эң башкысы, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, кайсы бир талапкерди үгүттөөсүнө бөгөт коюлган. Башкача айтканда административдик ресурстарды колдонууга тыюу салынды.

Адылбек Акматов, “Баткен таңы”

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *