Кадамжайда заманбап милициялык пункт ишке кирди

Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Кызыл-Коргон айылында жаңы заманбап аймактык милициялык пункт пайдаланууга берилди. Бул пункт эки үй-бүлөгө ылайыкташкан жана заманбап стандарттарга жооп берүүчү шарттар менен курулду. Кызмат бөлмөлөрү, керектүү техникалык жана офис жабдыктары толук камсыздалган.

Жаңы пункттун ачылышы менен милиция кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, күндүзгү жана түнкү кезекчилдик учурунда иштин натыйжалуулугу жогорулайт. Ошондой эле, бул жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылууга, укук бузууларды алдын алууга жана коомдук тартипти сактоого чоң салым кошот.

Айыл борборунан 80 чакырым алыстыкта жайгашкан пунктта кызматкерлер үчүн жашоо жана эс алуу шарттары каралган, бул алардын кызматтык милдеттерин эффективдүү аткаруусуна мүмкүндүк берет.

Милициянын жергиликтүү тургундар менен тыгыз кызматташып, коомдук коопсуздукту чыңдоодогу бул кадамы стратегиялык мааниге ээ болуп, райондогу коопсуздук деңгээлин жогорулатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *