Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Баткен облусунун Лейлек районуна иш сапары менен барып, бир катар айыл аймактардын жана Раззаков шаарынын тургундары менен жолугушту.
Жолугушууларда ичүүчү жана сугат суу, билим берүү мекемелеринин абалы, спорттук жайлардын жетишсиздиги, саламаттык сактоо, жөлөк пул жана пенсия маселелери көтөрүлдү.
Эл өкүлү айтылган көйгөйлөр тиешелүү министрликтерге жеткирилип, жеке көзөмөлүнө алынаарын билдирди.


