Баткен, 30.10.25. /Баткен таңы/ Бүгүн Манас шаарынын “Манас сууканал” башкармалыгынын №2 саркынды сууларды тазалоочу жайында жаңыланган жана кайра курулган объектилер расмий түрдө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов жана “Манас Сууканал” башкармалыгынын эмгек жамааты катышты.
Маалыматка караганда, долбоор Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан каржыланып, жалпы 5 млн 489 миң 430 евро каражат сарпталган. Анын алкагында административдик-чарбалык имарат толугу менен реконструкцияланып, механикалык жана биологиялык тазалоочу жайлар, ошондой эле эки даана экинчи тик тазалоочу курулмалар курулган.
Мындан тышкары, объект воздуховод-гидролиздик жабдуулар менен камсыздалып, башкы насостук станция да пайдаланууга берилди.
Муниципалитеттин маалыматы боюнча, буга чейин Манас шаарындагы №2 саркынды сууларды тазалоочу жай суткасына 8 миң куб метр саркынды сууну иштетип келген болсо, жаңы курулмалардын аркасында бул көрсөткүч 20 миң куб метрге чейин жогорулады.









