Баткен/ 09.12.25
Баткен районунун Самаркандек айылында күнүнө 2 тонна мөмө-жемишти кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар жаңы заманбап ишкана иштей баштады. Бул тууралуу Баткен Облусу билдирди. Маалым болгондой ишкананы жергиликтүү ишкер негиздеп, анда кургатылган мөмө-жемиштер атайын жабдуулар аркылуу жуулуп, кургатылып, таңгакталып чыгарылат.
Чийки мөмө-жемиштер жергиликтүү багбандардан сатып алынып, даяр продукция ички рынокко жана Казакстан менен Орусияга экспорттолууда. Ишканада 12 адам жумуш менен камсыз болду.
Ишкана 31–август – Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилип, курулуш жана жабдуу иштерине 20 млн сомго жакын каражат жумшалган. Учурда Баткен районунда мындай формата иштеген эки ишкана бар, жакынкы күндөрү дагы бир муниципалдык ишкананын ишке кириши күтүлүүдө.






