Баткен/04.12.25
Баткен областтык прокуратурасы үй-бүлөлүк зомбулуктун жана жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында студенттер жана мектеп окуучулары менен жолугушуу уюштурду.
Иш-чаранын жүрүшүндө прокуратура кызматкерлери жаштарга үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепеттери, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштардын себептери, баңгизатка жана ичимдикке berilүү коркунучтары тууралуу кеңири маалымат беришти. Алар жарандык жоопкерчилик, туура чечим кабыл алуу маданияты жана мыйзам талаптарын сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Баткен мамлекеттик университетинин студенттери жана “А. Имаров – Кызыл Топу” орто мектебинин 9–11-классынын окуучулары катышкан жолугушууда жаш муундун келечек кесип тандоосундагы жоопкерчилик, мамлекеттик кызматтагы талаптар жана жаш куракта жасалган жаңылыштыктардын келечекке тийгизген таасири тууралуу сүйлөшүлдү.
Иш-чаранын соңунда шаардык жаш актерлор үй-бүлөлүк зомбулук жана өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугуна арналган сахналык көрүнүштөрдү көрсөтүп, катышуучуларга ой салган чыгармаларын тартуулашты.


