Кара-Жантакта үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты жаңыланып, пайдаланууга берилди

Баткен./04.12.25

Кадамжай районунун Кара-Жантак айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык ремонттон өтүп, пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземине район акими Б. Баяке уулу, анын орун басары М. Айтматов, Кадамжай шаарынын мэри А. Мурзажанов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, медицина кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн арттыруу максатында жергиликтүү кенештин депутаты К. Рахманов үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна  желмаян белекке тапшырды. Бул демилге дарыгерлердин калкка ыкчам чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Жаңыртылган имарат жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен Кара-Жантактагы саламаттык сактоо тармагынын материалдык-техникалык базасы чыңдалып, калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *