Ошто Жаштардын креативдүү хабы ачылды

Ошто Жаштардын креативдүү хабы ачылды


9

Бүгүн Ош шаарында Жаштардын креативдүү хабы расмий ачылып, пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, долбоор 2020-жылы Youth of Osh коомдук уюму тарабынан башталган.

Креативдүү хаб көп функциялуу мейкиндик болуп, иштөө, билим алуу, коомдук иш-чараларды өткөрүү, соода жүргүзүү жана эс алуу үчүн шарттарды камтыйт.

Долбоордун негизги максаты – жаштарга өз шаарында өнүгүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, алардын чыгармачылык жана ишкердик демилгелерин колдоо. Ошондой эле жаштардын борборго же чет өлкөгө кетүүсүн азайтуу көздөлөт.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *