Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет
11
2026-жылдын Орозо айт майрамы 20-март күнүнө дал келет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы маалымдайт.
Бул чечим ТМУга мүчө өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңешмесинде кабыл алынган.